Чёрный человекКиргизский язык
Досум, досум,
Мен оорумун, оорулуумун
Өзүм билбейм, бул оору келди кайдан.
Боз шамалдай
Бош талаада боздоп, уулуп,
Сентябрдай токойду жайдактаган,
Арак сымал какшытып мээ соолутуп.
Сермейт башым кулактарды,
Канаттуу чымчыктардай.
Мойнум болсо
Буттай элес калтырат.
Кара киши,
Капкара,
Кара киши
Түнү бою тынч уктатпай,
Кара киши
Керебетте олтурат.
Кара киши
Колу менен барактап кир китебин,
Окугандай өлүккө
Күңкүлдөп окуйт мага
Өмүр жолун арамза
Кешиксиз бир пенденин,
Коркунучтуу кайгынын отун жага.
Кара киши
Кап-кара!
"Уккун, уккун,—
Ал айтат күбүрөнүп,—
Орошон ойлорго бай
Окусаң бул китепти.
Бул киши
Байырлаган ал өлкөнүн
Элдери —
Алдамчы, ууру-кески.
Декабрда ал өлкөдө
Кар укмуштай таптаза,
Борошо уруп,
Тамашаны көргөзөт.
Тынчы жок бир жан болчу ал, жөн жатпаган,
Бирок мыкты,
Теңдеши жок, өзгөчө.
Кылдат болчу,
Анан калса, акын дагы,
Аздыр-көптүр
Алдуу жана шамдагай,
Бир аялды,
Кырк жаштын кырындагы,
Кыялы терс кызым, жана
Кымбатым деп атаган.
Бакыт, — дейт ал, —
Эптүүлүгү колуң менен акылдын.
Эпсиздердин
Баары дайым бактысыз.
Эчтеке эмес,
Кыйналуунун ар кылын
Тарттырганы
Тамтыгы жок шартыбыз.
Ысык-суукта,
Ызгаарында жашоонун,
Оор жоготуу
Же кайгыда жүргөндө,
Жылмайганың, жалган маанай жасооң бул —
Чеберликтин эң улуусу дүйнөдө".
"Кара киши!
Кийлигишпе, акың жок!
Кызматтагы
Куткаруучу көрүнбө.
Кызык эмес өмүрү
Көкбет, чырдуу акындын.
Башкаларга, сураныч,
Барып, айт ал жөнүндө".
Кара киши
Карайт мага тигиле.
Каптайт анын көздөрүн
Көгүш түстүү кусунду, —
Көрүп турам
Анын айтчу сөздөрүн,
Уурусуң дейт, билбеген
Уят менен кусурду.
Досум, досум,
Мен оорумун, оорулуумун
Өзүм билбейм, бул оору келди кайдан.
Боз шамалдай
Бош талаада боздоп, уулуп,
Сентябрдай токойду жайдактаган,
Арак сымал какшытып мээ соолутуп.
Аяздуу түн.
Мемиреп тынч көчөлөр.
Терезеде турам жалгыз,
Күткөнүм жок башка адам.
Теребелди чулгаган
Жумшак кар бүртүкчөлөр,
А дарактар, атчандардай,
Үйүгүшөт бакчада.
Бир түнкү куш
Боздойт, тилеп жамандык.
Бак-атчандан
Үнү чыгат туяктын.
Мына кайра, кара киши
Үстөлүмдөн жай алды,
Үстүн чечип, шымаланып,
Үйрөтмөкчү сыяктуу.
"Уккун, уккун!, —
Кирилдейт ал, жүзүм карап,
Улам-улам
Жылып мага жакындап. —
Укпаптырмын
Адамдардын жүзүкара
Кыйналганын
Уктай албай жабыркап.
Ах, адаштым дейин, мейли!
Ай толукшуп чыгыптыр.
Андан башка эмне керек
Бул уйкулуу бадалга?
Же "ал" келсе
Жоон сандары жалтыр-жалтыр,
Жансыз, шаңсыз ырларыңды
Окуйсуңбу аялга?
Ах, жакшы көрөм акындарды!
Күлкүлүү калк.
Алар кылган иштер дайым
Жүрөккө из калтырат, —
Безеткилүү студент кызга
Түрү суук бир чунак
Айтып берет кооз дүйнөнү,
Алсыз өзү, шалдырап.
Билбей турам, эсимде жок,
Бир айылда,
Калугада болсо керек,
Же Рязанда,
Жашачу эле баласы
Бир дыйкандын,
Чачы сары,
Көздөрү көк асмандай…
Ал балакай эр жетилген,
Анан калса, акын дагы,
Аздыр-көптүр
Алдуу жана шамдагай,
Бир аялды,
Кырк жаштын кырындагы,
Кыялы терс кызым, жана
Кымбатым деп атаган."
"Кара киши!
Кара мүртөз сен коноксуң.
Көптөн берки бул атагың
Кулач жайды тез эле".
Албууттандым,
Таяк учту колдон зуу
Таамайланып
Тумшугуна түз эле...
... Ай жоголуп,
Айнектен таң көрүндү.
Ах сен, түн, түн!
Неге баарын бүлдүрдүң?
Шляпам башта.
Жан жок бөлөк өзүмдөн.
Жалгыз турам...
Жанында сынык күзгүнүн...
Мен оорумун, оорулуумун
Өзүм билбейм, бул оору келди кайдан.
Боз шамалдай
Бош талаада боздоп, уулуп,
Сентябрдай токойду жайдактаган,
Арак сымал какшытып мээ соолутуп.
Сермейт башым кулактарды,
Канаттуу чымчыктардай.
Мойнум болсо
Буттай элес калтырат.
Кара киши,
Капкара,
Кара киши
Түнү бою тынч уктатпай,
Кара киши
Керебетте олтурат.
Кара киши
Колу менен барактап кир китебин,
Окугандай өлүккө
Күңкүлдөп окуйт мага
Өмүр жолун арамза
Кешиксиз бир пенденин,
Коркунучтуу кайгынын отун жага.
Кара киши
Кап-кара!
"Уккун, уккун,—
Ал айтат күбүрөнүп,—
Орошон ойлорго бай
Окусаң бул китепти.
Бул киши
Байырлаган ал өлкөнүн
Элдери —
Алдамчы, ууру-кески.
Декабрда ал өлкөдө
Кар укмуштай таптаза,
Борошо уруп,
Тамашаны көргөзөт.
Тынчы жок бир жан болчу ал, жөн жатпаган,
Бирок мыкты,
Теңдеши жок, өзгөчө.
Кылдат болчу,
Анан калса, акын дагы,
Аздыр-көптүр
Алдуу жана шамдагай,
Бир аялды,
Кырк жаштын кырындагы,
Кыялы терс кызым, жана
Кымбатым деп атаган.
Бакыт, — дейт ал, —
Эптүүлүгү колуң менен акылдын.
Эпсиздердин
Баары дайым бактысыз.
Эчтеке эмес,
Кыйналуунун ар кылын
Тарттырганы
Тамтыгы жок шартыбыз.
Ысык-суукта,
Ызгаарында жашоонун,
Оор жоготуу
Же кайгыда жүргөндө,
Жылмайганың, жалган маанай жасооң бул —
Чеберликтин эң улуусу дүйнөдө".
"Кара киши!
Кийлигишпе, акың жок!
Кызматтагы
Куткаруучу көрүнбө.
Кызык эмес өмүрү
Көкбет, чырдуу акындын.
Башкаларга, сураныч,
Барып, айт ал жөнүндө".
Кара киши
Карайт мага тигиле.
Каптайт анын көздөрүн
Көгүш түстүү кусунду, —
Көрүп турам
Анын айтчу сөздөрүн,
Уурусуң дейт, билбеген
Уят менен кусурду.
Досум, досум,
Мен оорумун, оорулуумун
Өзүм билбейм, бул оору келди кайдан.
Боз шамалдай
Бош талаада боздоп, уулуп,
Сентябрдай токойду жайдактаган,
Арак сымал какшытып мээ соолутуп.
Аяздуу түн.
Мемиреп тынч көчөлөр.
Терезеде турам жалгыз,
Күткөнүм жок башка адам.
Теребелди чулгаган
Жумшак кар бүртүкчөлөр,
А дарактар, атчандардай,
Үйүгүшөт бакчада.
Бир түнкү куш
Боздойт, тилеп жамандык.
Бак-атчандан
Үнү чыгат туяктын.
Мына кайра, кара киши
Үстөлүмдөн жай алды,
Үстүн чечип, шымаланып,
Үйрөтмөкчү сыяктуу.
"Уккун, уккун!, —
Кирилдейт ал, жүзүм карап,
Улам-улам
Жылып мага жакындап. —
Укпаптырмын
Адамдардын жүзүкара
Кыйналганын
Уктай албай жабыркап.
Ах, адаштым дейин, мейли!
Ай толукшуп чыгыптыр.
Андан башка эмне керек
Бул уйкулуу бадалга?
Же "ал" келсе
Жоон сандары жалтыр-жалтыр,
Жансыз, шаңсыз ырларыңды
Окуйсуңбу аялга?
Ах, жакшы көрөм акындарды!
Күлкүлүү калк.
Алар кылган иштер дайым
Жүрөккө из калтырат, —
Безеткилүү студент кызга
Түрү суук бир чунак
Айтып берет кооз дүйнөнү,
Алсыз өзү, шалдырап.
Билбей турам, эсимде жок,
Бир айылда,
Калугада болсо керек,
Же Рязанда,
Жашачу эле баласы
Бир дыйкандын,
Чачы сары,
Көздөрү көк асмандай…
Ал балакай эр жетилген,
Анан калса, акын дагы,
Аздыр-көптүр
Алдуу жана шамдагай,
Бир аялды,
Кырк жаштын кырындагы,
Кыялы терс кызым, жана
Кымбатым деп атаган."
"Кара киши!
Кара мүртөз сен коноксуң.
Көптөн берки бул атагың
Кулач жайды тез эле".
Албууттандым,
Таяк учту колдон зуу
Таамайланып
Тумшугуна түз эле...
... Ай жоголуп,
Айнектен таң көрүндү.
Ах сен, түн, түн!
Неге баарын бүлдүрдүң?
Шляпам башта.
Жан жок бөлөк өзүмдөн.
Жалгыз турам...
Жанында сынык күзгүнүн...
Оригинал на русском языке
Друг мой, друг мой,
Я очень и очень болен.
Сам не знаю, откуда взялась эта боль.
То ли ветер свистит
Над пустым и безлюдным полем,
То ль, как рощу в сентябрь,
Осыпает мозги алкоголь.
Голова моя машет ушами,
Как крыльями птица.
Ей на шее ноги
Маячить больше невмочь.
Чёрный человек,
Чёрный, черный,
Чёрный человек
На кровать ко мне садится,
Чёрный человек
Спать не дает мне всю ночь.
Чёрный человек
Водит пальцем по мерзкой книге
И, гнусавя надо мной,
Как над усопшим монах,
Читает мне жизнь
Какого-то прохвоста и забулдыги,
Нагоняя на душу тоску и страх.
Чёрный человек
Чёрный, черный…
«Слушай, слушай, —
Бормочет он мне, —
В книге много прекраснейших
Мыслей и планов.
Этот человек
Проживал в стране
Самых отвратительных
Громил и шарлатанов.
В декабре в той стране
Снег до дьявола чист,
И метели заводят
Веселые прялки.
Был человек тот авантюрист,
Но самой высокой
И лучшей марки.
Был он изящен,
К тому ж поэт,
Хоть с небольшой,
Но ухватистой силою,
И какую-то женщину,
Сорока с лишним лет,
Называл скверной девочкой
И своею милою».
«Счастье, — говорил он, —
Есть ловкость ума и рук.
Все неловкие души
За несчастных всегда известны.
Это ничего,
Что много мук
Приносят изломанные
И лживые жесты.
В грозы, в бури,
В житейскую стынь,
При тяжелых утратах
И когда тебе грустно,
Казаться улыбчивым и простым —
Самое высшее в мире искусство».
«Чёрный человек!
Ты не смеешь этого!
Ты ведь не на службе
Живешь водолазовой.
Что мне до жизни
Скандального поэта.
Пожалуйста, другим
Читай и рассказывай».
Чёрный человек
Глядит на меня в упор.
И глаза покрываются
Голубой блевотой.
Словно хочет сказать мне,
Что я жулик и вор,
Так бесстыдно и нагло
Обокравший кого-то
Друг мой, друг мой,
Я очень и очень болен.
Сам не знаю, откуда взялась эта боль.
То ли ветер свистит
Над пустым и безлюдным полем,
То ль, как рощу в сентябрь,
Осыпает мозги алкоголь.
Ночь морозная…
Тих покой перекрестка.
Я один у окошка,
Ни гостя, ни друга не жду.
Вся равнина покрыта
Сыпучей и мягкой известкой,
И деревья, как всадники,
Съехались в нашем саду.
Где-то плачет
Ночная зловещая птица.
Деревянные всадники
Сеют копытливый стук.
Вот опять этот черный
На кресло мое садится,
Приподняв свой цилиндр
И откинув небрежно сюртук.
«Слушай, слушай! —
Хрипит он, смотря мне в лицо,
Сам все ближе
И ближе клонится. —
Я не видел, чтоб кто-нибудь
Из подлецов
Так ненужно и глупо
Страдал бессонницей.
Ах, положим, ошибся!
Ведь нынче луна.
Что же нужно еще
Напоенному дремой мирику?
Может, с толстыми ляжками
Тайно придет «она»,
И ты будешь читать
Свою дохлую томную лирику?
Ах, люблю я поэтов!
Забавный народ.
В них всегда нахожу я
Историю, сердцу знакомую,
Как прыщавой курсистке
Длинноволосый урод
Говорит о мирах,
Половой истекая истомою.
Не знаю, не помню,
В одном селе,
Может, в Калуге,
А может, в Рязани,
Жил мальчик
В простой крестьянской семье,
Желтоволосый,
С голубыми глазами…
И вот стал он взрослым,
К тому ж поэт,
Хоть с небольшой,
Но ухватистой силою,
И какую-то женщину,
Сорока с лишним лет,
Называл скверной девочкой
И своею милою».
«Чёрный человек!
Ты прескверный гость!
Это слава давно
Про тебя разносится».
Я взбешён, разъярён,
И летит моя трость
Прямо к морде его,
В переносицу…
…Месяц умер,
Синеет в окошко рассвет.
Ах ты, ночь!
Что ты, ночь, наковеркала?
Я в цилиндре стою.
Никого со мной нет.
Я один…
И — разбитое зеркало…
Я очень и очень болен.
Сам не знаю, откуда взялась эта боль.
То ли ветер свистит
Над пустым и безлюдным полем,
То ль, как рощу в сентябрь,
Осыпает мозги алкоголь.
Голова моя машет ушами,
Как крыльями птица.
Ей на шее ноги
Маячить больше невмочь.
Чёрный человек,
Чёрный, черный,
Чёрный человек
На кровать ко мне садится,
Чёрный человек
Спать не дает мне всю ночь.
Чёрный человек
Водит пальцем по мерзкой книге
И, гнусавя надо мной,
Как над усопшим монах,
Читает мне жизнь
Какого-то прохвоста и забулдыги,
Нагоняя на душу тоску и страх.
Чёрный человек
Чёрный, черный…
«Слушай, слушай, —
Бормочет он мне, —
В книге много прекраснейших
Мыслей и планов.
Этот человек
Проживал в стране
Самых отвратительных
Громил и шарлатанов.
В декабре в той стране
Снег до дьявола чист,
И метели заводят
Веселые прялки.
Был человек тот авантюрист,
Но самой высокой
И лучшей марки.
Был он изящен,
К тому ж поэт,
Хоть с небольшой,
Но ухватистой силою,
И какую-то женщину,
Сорока с лишним лет,
Называл скверной девочкой
И своею милою».
«Счастье, — говорил он, —
Есть ловкость ума и рук.
Все неловкие души
За несчастных всегда известны.
Это ничего,
Что много мук
Приносят изломанные
И лживые жесты.
В грозы, в бури,
В житейскую стынь,
При тяжелых утратах
И когда тебе грустно,
Казаться улыбчивым и простым —
Самое высшее в мире искусство».
«Чёрный человек!
Ты не смеешь этого!
Ты ведь не на службе
Живешь водолазовой.
Что мне до жизни
Скандального поэта.
Пожалуйста, другим
Читай и рассказывай».
Чёрный человек
Глядит на меня в упор.
И глаза покрываются
Голубой блевотой.
Словно хочет сказать мне,
Что я жулик и вор,
Так бесстыдно и нагло
Обокравший кого-то
Друг мой, друг мой,
Я очень и очень болен.
Сам не знаю, откуда взялась эта боль.
То ли ветер свистит
Над пустым и безлюдным полем,
То ль, как рощу в сентябрь,
Осыпает мозги алкоголь.
Ночь морозная…
Тих покой перекрестка.
Я один у окошка,
Ни гостя, ни друга не жду.
Вся равнина покрыта
Сыпучей и мягкой известкой,
И деревья, как всадники,
Съехались в нашем саду.
Где-то плачет
Ночная зловещая птица.
Деревянные всадники
Сеют копытливый стук.
Вот опять этот черный
На кресло мое садится,
Приподняв свой цилиндр
И откинув небрежно сюртук.
«Слушай, слушай! —
Хрипит он, смотря мне в лицо,
Сам все ближе
И ближе клонится. —
Я не видел, чтоб кто-нибудь
Из подлецов
Так ненужно и глупо
Страдал бессонницей.
Ах, положим, ошибся!
Ведь нынче луна.
Что же нужно еще
Напоенному дремой мирику?
Может, с толстыми ляжками
Тайно придет «она»,
И ты будешь читать
Свою дохлую томную лирику?
Ах, люблю я поэтов!
Забавный народ.
В них всегда нахожу я
Историю, сердцу знакомую,
Как прыщавой курсистке
Длинноволосый урод
Говорит о мирах,
Половой истекая истомою.
Не знаю, не помню,
В одном селе,
Может, в Калуге,
А может, в Рязани,
Жил мальчик
В простой крестьянской семье,
Желтоволосый,
С голубыми глазами…
И вот стал он взрослым,
К тому ж поэт,
Хоть с небольшой,
Но ухватистой силою,
И какую-то женщину,
Сорока с лишним лет,
Называл скверной девочкой
И своею милою».
«Чёрный человек!
Ты прескверный гость!
Это слава давно
Про тебя разносится».
Я взбешён, разъярён,
И летит моя трость
Прямо к морде его,
В переносицу…
…Месяц умер,
Синеет в окошко рассвет.
Ах ты, ночь!
Что ты, ночь, наковеркала?
Я в цилиндре стою.
Никого со мной нет.
Я один…
И — разбитое зеркало…
О переводе
Переводчик: Улан Кошалиев
О переводе:
Улан Кошалиев — лингвист-переводчик.